Төлөновдун ордуна Нышанов. ЖКга жаңы депутат келди

Кечээ, 16-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Чынберди Төлөнов депутаттык мандатын тапшырганы белгилүү болду.

КР Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү өз жыйынында ЖК депутаты Ч. Төлөновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечим кабыл алган.

Ч. Төлөнов «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын өкүлү болгон. Ал депутаттык мандатын токтотуу боюнча өзү арыз жазган.

Боршайкомдун ошол эле жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан катталган кийинки талапкер Жайлообай Нышановго бошогон депутаттык мандат жана төшбелги тапшырылган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары 2021-жылдын декабрында ант берип жумушка киришкен. Андан бери 20га жакын ЖК депутаты өз мандаттарын ар кандай себептер менен тапшырып беришкен.

17 Декабрь 2024 жыл 8:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча