
УКМК тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси жана 222-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Акыркысы Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап турганда, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайда алуу максатында, кызматтын кызыкчылыгына каршы, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуу, кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын лоббирлөө, башка компаниялардын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен мамлекеттик сатып алууларга катышып, аффилирленген компанияларга жеңиштерди ыйгарган.
Муну менен бирге ал кылмыштуу кирешелерди адалдоо максатында, айыл өкмөтүн башкарып турганда башка фигуранттарга каттоо менен бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз алган. Алар: жер тилкелер — 20, унаалар — 29, жеке үйлөр — 6, батирлер — 31, өндүрүштүк цехтер — 5, бетон заводу — 1, соода борбору — 1, спорт комплекси — 1, кум жана шагыл композициялары чыгаруучу карьер — 1, техникалык тейлөө станциялары — 1, унаа токтотуучу жайлар — 3, сарайлар — 3, ресторандар — 6. Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, аталган мүлктүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан.
25-августта кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.