Түн ичинде кыздын үнүнө кирип зордуктоого аракет кылды делген жаран кармалды

Бишкекте кыз зордуктоого аракет кылган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, милицияга 28-августта саат 21:54тө милицияга билдирүү түшкөн.

23 жаштагы кыздын айтымында, ЖЭБ-2 аймагында жайгашкан үйүнө эркек киши кирип, кыздын кийимдерин айрып, зордуктоого аракет кылган. Кыз качып чыгып, жакын жердеги дүкөнгө кирип, жардам сураган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (зордуктоого аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

30 Август 2024 жыл 17:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча