Түп районунда изделип жаткан 78 жаштагы карыянын сөөгү суудан табылды

Түп районунда изделип жаткан 78 жаштагы карыянын сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун 21-ноябрда саат 16:20лар чамасында​ ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын адиси жана Түп районундагы куткаруучулар Түп суусунан адамдын сөөгүн дрон аппаратынын жардамы менен табышты.

​Белгилей кетсек, 17-ноябрь күнү ​ үйүнөн чыгып дайынсыз болгон 78 жаштагы адамдын туугандары издешкен. Андан натыйжа болбогондуктан 19-ноябрда ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнө кайрылышып, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн.

22 Ноябрь 2023 жыл 9:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча