Түркияда 10 кабаттуу соода борборуна чагылган түшүп, күйүп кетти

«Түркиянын Бурса шаарында 10 кабаттуу бизнес борборго чагылган түшкөндөн кийин өрт чыкты. Имарат толугу менен күйүп кетти» деп билдирет жергиликтүү BursadaBugun басылмасы.

Окуя болгон жерге бир нече өрт өчүрүүчү, полиция жана тез жардам бригадалары барган. Өрт коңшу имаратка да жайылып, бирок куткаруучулар тарабынан көзөмөлгө алынганы такталып жатат. Өрттү өчүрүүгө 33 өрт өчүрүүчү унаа жана 100 адам тартылган. Имараттан тышкары, эки унаа күйүп кеткен. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

13 Ноябрь 2023 жыл 9:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча