Түркиянын депутаттары өлкөгө келди

Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын «Түркия-Кыргызстан» парламенттик достук тобунун башчысы Юсуф Беязыт баштаган делегация Кыргызстанга келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, Алишер Козуев, Улукбек Ормонов, Сүйүнбек Өмүрзаков, Жалолидин Нурбаев, Мурадил Сыдыков, Винера Раимбачаева, Азамат Исираилов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары түркиялык кесиптештери менен жолугушту.

Жолугушууда Түркия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун башчысы Алишер Козуев кыргыз-түрк кызматташтыгын арттыруу үчүн парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү керектигин айтып, ушундай жолугушууларды байма-бай уюштуруу зарылчылыгына токтолду.

Ошондой эле ал соода-экономикалык алакаларды арттыруу, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү макулдашууларды жигердүү ишке ашыруу маселелерин сөз кылды.

Муну менен катар тараптар байланыштарды кеңейтүүгө багытталган бир катар маселелер боюнча ой бөлүштү.

14 Февраль 2025 жыл 12:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча