Түркиянын Мугла шаарындагы окуу-изилдөө ооруканасын тик учак сүзүп кулады

Түркиянын Мугла шаарындагы окуу-изилдөө ооруканасын тик учак сүзүп кулаганын Tengrinews.kz жазды. 

Мугланын башчысы кырсыкка байланыштуу билдирүү таратып, кесепетинен 2 учкуч, бир дарыгер жана оорукананын бир кызматкери каза болгонун айтты. 

Кырсык кечээ, 22-декабрда болгон. Анда медициналык тез жардамдын тик учагы оорукананын 4-кабатын сүзүп, андан кийин жерге кулаган. Айрым маалыматтар боюнча ошол маалда шаарды коюу туман каптап жаткан.

23 Декабрь 2024 жыл 9:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча