Түркиянын президенти Кыргызстанга келет

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-6-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жана “Мекенчил” тобунун жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Бейшеналиевдин айтымында, Эрдогандын сапары учурунда эки өлкөнүн министрлери кыргызстандык бейтаптардын Түркияда дарылануусу, квота маселеси камтылган документке кол коет.

27 Сентябрь 2024 жыл 13:45

Тема боюнча