Түркмөнстанда окуучулар менен студенттерге жаңы жылды белгилөөгө тыюу салынды

Түркмөнстанда мектеп окуучуларына жана жогорку окуу жайлардын студенттерине жаңы жылды белгилөөгө тыюу салынды. Бул тууралуу Түркмөнстандын “Азатлык” радиосу жазды.

“Учурда студенттерден жаңы жыл түнү кафеде же үйдө кече уюштурбайбыз, ошондой эле шаарды кыдырууга чыкпайбыз деп тил кат жаздырып алышууда”,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, студенттер майрам күндөрү бийлик тарабынан уюштурула турган иш-чараларга катышууга милдеттендирилди. Бул көрсөтмөлөргө баш ийбегендер окуудан чыгарылары эскертилди.

Белгилей кетсек, буга чейин “Азатлык” радиосунун кабарчылары Ашхабаддын орто мектептеринде окуучуларга Жаңы жылды майрамдоого тыюу салынганы боюнча эскертүүлөр ноябрь айында эле башталганын кабарлашкан.

12 Декабрь 2024 жыл 16:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча