Түркмөнстандын президенти атасына сыйлык ыйгарат

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов «Магтымгулы Фрагинин 300 жыллыгына» юбилейлик медалы менен Элдик Маслахатиянын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовду сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Түркмөнстан Хроникасы басылмасы жазып чыкты.

Жарлыкта экс-президент «Магтымгулу Фрагинин 300 жылдыгынын урматына» медалы менен сыйланганы, анын ичинде «Акындын ар-намысын жана кадыр-баркын көптөгөн чыгармалары жана белгилүү «Магтымгулунун акыл булагы» поэмасы аркылуу даңазалаганы үчүн сыйланганы белгиленген.

Түркмөнстанда 17-майда Сердар Бердымухамедов Магтымгулы Фрагинин эстелигин жана маданий-парк комплексин ачкан.

Ошол эле күнү Гурбангулы Бердымухамедовго Эл аралык Магтымгулу атындагы сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол коюлган.

13 Декабрь 2024 жыл 15:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча