
Түштүк Кореянын парламенти президенттин өлкөдө аскердик абал жарыялоо боюнча жарлыгын жокко чыгаруу үчүн добуш берди. Бул үчүн 190 депутаттын бири калбай добуш берген.
Анын алдында эле Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө аскердик абал жарыялаган болчу. Бул кадам оппозициядагы ири Демократиялык партиянын өкмөттөгү негизги министрлерге импичмент жарыялоо аракетинен кийин кабыл кабыл алынганын «KBS Дүйнөлүк радиосу» жазган.
Телекайрылуусунда Юн оппозиция өкмөттүн жана сот системасынын ишине тоскоолдук жаратканын айтты. Президенттин сөзүнө караганда, аскердик абал өлкөдө конституциялык тартипти сактоого жардам берет. Ал демократиялык партиянын мүчөлөрүн «мыйзамдуу диктатура үчүн» айыптады.