Түштөн кийин ойногону чыккан. Сокулукта 7 жаштагы бала изделүүдө

Сокулук районунда 7 жаштагы бала изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

1-сентябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Военно-Антоновка айылынын тургуну кайрылып, 2017-жылы туулган Амир аттуу уулу 1-сентябрь күнү саат 16:20 чамасында ойногону чыгып, ошол бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Бул факты Сокулук РИИБдин маалыматтардын электрондук китепчесине катталып, издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кимде-ким Нуркайыпов Амирди көргөн болсо, Сокулук РИИБге же 03134 5-33-80, 0312-60-75-67 (нөөмөт бөлүмү) номурларына чалсаңар болот.

2 Сентябрь 2024 жыл 9:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча