Испаниядан Таиландга эс алууга келген турист аял пилдин кол салуусунан улам каза болгон.
Көрсө, Таиланддын түштүк-батышында жайгашкан Яо Яй аралында пилдерди баккан борбордо пилди сууга түшүрө турган жай бар экен. Турист кыз пилди сууга түшүрүп жатып алдынан өтүп баратканда пил аны мүйүзү менен чапкан.
Маалымат булактары жазгандай, Таиландда пилдерди сууга түшүрүү менен туристтер көңүл ачышат. Пилдер мындан башка да көңүл ача турган иштерге катышат.
Акыркы 12 жылда Таиландда жапайы пилдердин кол салуусунан 240 адам өлгөн. Ушул тапта бул өлкөдө 4 миңдей жапайы пил улуттук парктарда, табигый жайларда багылат. Мындан тышкары Таиландда үй шартында кармалган пилдер да абдан көп.