Талас районунда милиция бөлүмчөсү үчүн жаңы имараттын курулушу башталды

Талас районунда Чат-Базар айылдык милиция бөлүмчөсү үчүн жаңы имараттын курулушу башталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Анын курулушуна 19-майда капсула салынды. Имарат эки кабаттан туруп, узуну 18, туурасы 12 метр болот.

Капсула салуу иш-чарасына ички иштер министринин орун басарлары Октябрь Урмамбетов, Сүйүнбек Ниязбеков, облустук милициянын башчысы Азенбек Козукеев, райондук милициянын башчысы Нурдин Чолпонкулов катышты.

20 Май 2024 жыл 9:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча