Таласта 6 млн сомдон ашык акча негизсиз эсептен чыгарылып, уурдалган

Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында бюджеттик акчаларды уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган ишканада 6 млн сомдон ашык акча негизсиз эсептен чыгарылып, уурдалган.

Бул фактыга байланыштуу ишкананын жетекчилиги менен кызматкерлерине «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

19 Апрель 2024 жыл 10:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча