Таласта эски сейил бак жаңыланып, тургундарды кубантты

Талас шаарындагы кароосуз калган сквер реконструкциядан кийин жаңыланып шаар тургундарына эшигин ачты. Иш-чарада Кумаш Рысалиев атындагы жаркыраган жаңы сейил бактын ачылышына кошкон зор салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабдановго Талас шаарынын мэриясы тарабынан ыраазычылык кат ыйгарылды.

Ошондой эле сейил бакты көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга кошкон салымы үчүн «Жашыл Чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине ыраазчылык кат жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Эске салсак, мындан 1 жыл мурун сейил бакка Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер Кумаш Рысалиевдин ысымы ыйгарылган. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн демөөрчүлүгү менен сейил бак азыркы заманбап абалга келтирилди. Минтип эс алуучулар үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, жаркыраган сейил бактын ачылып жатканы жергиликтүү тургундарды кубандырбай койбойт.

9 Июнь 2024 жыл 21:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча