Социалдык тармактын колдонуучулары бүгүн, 23-октябрда Таласта жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталганын айтып, видео менен бөлүшүп жатышат.
Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын көзөмөлдөө башкармалыгы жол кырсык Талас шаарында катталганын билдиришти.
«Жеринде кызматкерлер иш алып барып жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча, ак түстөгү унаа жол эрежесин одоно түрдө бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып, жолдон өтүп бараткандарды да сүзүп кеткен. Токтоно албай башка да унаа менен сүзүшкөн. Каза болгондор бар»,— дешти.