Таласта жаранды эки баласы менен кыйнап өлтүргөн жаран изделүүдө

Талас облусундагы, Айтматов районунунда үрөй учурган үч адам өлтүрүү катталды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда,2024-жылдын 24-май күнү саат 00.37 чамасында 102 кызматына телефон аркылуу, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылындагы адам өлтүрүлдү деген маалымат түшкөн.

Тезинен окуя болгон жерге аталган ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо учурда 1997-жылы туулган М.Ж. жана анын төрт жаштагы кызынын, эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган.

Бул окуя Айтматов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ( адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп. Үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил  катары алынган.

Тергөө-ыкчам аракетинин жүргүзүү учурунда жогорудагы окуяга шектүү катары, буга чейин соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын тургуну 1976-жылы туулган К.Н. издеп табуу багытында ички иштер органдарына багыттамалар жиберилип, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетпөө максатында чектөө коюлду.

Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.

Учурда, Талас ОИИБдин жана Айтматов РИИБнүн кызматкерлери жеринде шектүүнү издеп табуу багытында ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

24 Май 2024 жыл 8:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча