Таласта жолбун иттер короодогу койлорго кол салууда

Гүлниза Мызаева аттуу Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын тургуну кайрылып, жолбун иттер короого кирип, кой менен тоокторго кол салып жатканын айтты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИАСЫ жазды.

«Айылдагы жолбун иттер тоок, короодогу малга кол салууда. Кечинде эшикке чыккандан коркуп жатабыз. Тургундар аталык десе, мыйзамсыз болуп калабы деп коркушууда. Эми мектеп башталса, окуучуларга кол салышат го», — дейт ал кооптонуп.

Ал короодо өлүп жаткан койлордун видеосу менен бөлүштү. Алар айыл өкмөттөн иттерди атып берүүнү суранып жатышат.

15 Декабрь 2023 жыл 10:09

Тема боюнча