Таш-Көмүрдө Нарын дарыясына түшүп кеткен жаран изделүүдө

Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясына түшүп кеткен жаран изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалымат боюнча, Аксы районунун Кыз-Жар айылында 1963- жылы туулган П.И. аттуу эркек киши Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Таш-Көмүр шаарында жайгашкан 6-өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу, Аксы райондук ӨКБдан 4 куткаруучу, Таш-Көмур шаардык ӨКБдан 4 куткаруучу жана ИИМден 2 кызматкер ошондой эле жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

2 Май 2024 жыл 16:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча