УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин беттеши боюнча үн катты. Ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.
«Дима, сен уттуң! Биволдун жеңиши уурдалып, уюштуруучулар, калыстар адилеттүүлүктү тебелеп-тепседи. Алар адилеттүүлүктүн баасын да түшүнүшпөйт!» ,- деди башчы.
Эске салсак, жарым оор салмакта WBC, IBF жана WBO чемпиону Артур Бетербиев беттеште WBA титулунун ээси Дмитрий Биволду жеңип, абсолюттук дүйнөнүн чемпиону деген статусуна ээ болгон.