
Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келип, кыргыз-тажик арасы боюнча маалымат берди.
«Достук айылын толугу менен тажик тарапка өткөрүп бердик. Себеби, сууну Достук айылы тажик тараптан алып ичишет. Алардан көз каранды. Эгер өзүбүздө калтыра турган болсок, 30-40 үй-бүлө тажик тарапка өтө албай, Баткенге катташ керек болуп калмак. Кийин бул жерге жашоо өтө оор болуп калмак. Буларга Чет-Булактан жер бердик. 10 сотых жер берип, ал жерге мамлекет үй салып берет. Үйдүн жанынан 10 сотых жер бердик. Дагы 10 сотыхдан үлүш жер бердик. Ар бирине 30 сотых жер бердик. Азыр аларга психологиялык жактан кыйын болушу мүмкүн. Себеби айылын таштап кетип жатышат. Бирок кийинки муунга жакшы нерсе болот. Эми аларда окууга, жашоого шарты болот. Эң туура чечим болду деп ойлойбуз. Төрөлө тургандарга, азыркы жаш балдарга жакшы шарт түздүк деп эсептейбиз»,- деди ал.