Ташиев күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу талабын койду

Бүгүн, 25-декабрда УКМКнын Чүй облусу боюнча Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

УКМК төрагасы мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлардын ишин бөгөттөө боюнча оор иштер жүрүп жаткандыгын, анын алкагында жакында эле Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын 8-шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси жана Биринчи Май районунун акими жумуштан алынып, 10го жакын милиция кызматкерлерине, мэрия жана УКМКнын айрым кызматкерлерине катуу чаралар көрүлгөнүн маалымдады.

Мындан тышкары, Ташиев коопсуздук кызматкерлерине 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу талабын койду. Анткени насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматын карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку пайыздык үстөк кошууларын төлөй албай, жабыркап, турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап жаткандыгы айтылды. Андыктан төрага Улуттук банкты өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн лицензия боюнча текшерүүгө алууга чакырып, ар бир күрөөкана үстөк пайызын 30 пайыздан ашырбоосу керектигин билгиледи. Талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди.

25 Декабрь 2023 жыл 15:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча