Ташиев коррупционерлердин 31-декабрга чейин кылмышын жасаганга убактысы дагы бар экендигин айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга айыпталган мамлекеттик кызматкерлерге карата жазаны күчөтүү үчүн Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү сунушталып жатканын айтты.

Аталган өзгөртүүлөр тууралуу Ташиев бүгүн, 5-декабрдагы ЖКнын жыйынында маалымат берип жатат.

Анын айтымында, учурда жекморлукка каршы аёсуз күрөш жүрүп жатат, бирок ага карабастан жемкорлуктун деңгээли жогору бойдон калууда, айрым жерлерде өсүп да кетти. Буга байланыштуу жазаны күчөтүү сунушталууда.

УКМК төрагасы жазанын мөөнөтүн узартуу эмес, кылмыш жоопкерчилигин күчөткөн таасирдүү ыкмалар сунушталып жатканын билдирди.

5 Декабрь 2024 жыл 11:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча