Ташиев: «Кулиев көчөсүн билесиздер, ал жердеги «притондорду» 30 жылдан бери билбеген адам калбады…»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сойкулук менен күрөшүүнүн алкагында дагы бир «притон» жабылганын айтты.

«Эки күн эле болду… Айтылган тапшырманы аткарбагандын негизинде чаралар колдонула башталды. Бишкектин Биринчи Май районунда Кулиев көчөсүн билесиздер, ал жердеги «притондорду» 30 жылдан бери билбеген адам калбады. Канча аракет кылышса да, ошолорду жок кыла алышпады. Бирок биз жок кылдык. Кечээ жакында ошол Кулиевдеги дагы бир «притонду» алып чыгышты. Ошону текшербегени үчүн милициянын начальниги иштен алынып, ондогон милиция кызматкерлери жана биздин кызматкерлер да жазаларын тартышты. Аким жана мэриянын бир нече кызматкерлери жумуштан алынды», — деди ал.

25 Декабрь 2023 жыл 16:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча