УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мектептерди 12жылдык окууга өткөрүү сунушу тууралуу үн катып, аны колдобой тургандыгын социалдык баракчасына жазды.
«Саламатсыздарбы урматтуу эл журт!
Мен бүгүн өтө орчундуу болгон, эртеңки келечек муундардын жана мамлекетибиздин тагдырына чейин кесепетин тийгизе турган маселеге ачык оюмду билдирейин деп чечтим! Бул маселе азыркы учурда коомдук талкууга чыгарылган билим берүү системасындагы мектеп окуу мөөнөтүн 12 жылга чейин узартуу боюнча жүргүзүлгөн аналитиканын негизинде жаралды. Менин жеке оюм боюнча бул туура эмес, эмне үчүн;
1. Биздеги мектептеги билим беруу ото
начарлап кетти,ушул туйшукту чечмейинче башка системага умтулуунун кереги жок.
2. Жактоочулар айтып жатышат «чет мамлекетке барып окууга ынгайлуу болот « дешет,статистиканы алып коргулочу болгону 3-5 % гана бутуруучу Европа,Америкага барып окушат экен,а калгандары СНГ мамлекеттеринде жана оз олкобуздо эле жогорку билим алууну улантышат.
3. Финансылык экономикалык жагынан да ото коп зыянга учурап калабыз,30,0 минден ашык кошумча мугалим,200 дун тегерегинде кошумча мектеп ж.б.
4. Биз алдынкы мектептерди жоюп,арткы мектептерге тенеп салдык,бул да чон койгой болду.
Билим берүү боюнча негизинен эле айта турган болсок, биз өтө чоң кооптуу абалга бара жатабыз, себеби жогорку окуу жайда окуу жөнөкөй эле акча төлөө, зачётканы толтуруу жана кимдир бирөөлөр үчүн байлык топтоо системасына айланды. Университеттерге окууга барбай эле, миграцияда же чет өлкөлөрдө жүрүп эле диплом алгандар көбөйдү жана бул көрүнүш бардык жогорку окуу жайларда кездешип жатат. Университетти 200,0 студент диплом албаса да ,таза жакшы эмгеги менен билим алган 20,0 студент диплом алса мамлекет үчүн алда канча пайдалуу эмесби!
Дагы бир жолу бардык жогорку окуу жайлардын жетекчилерине эскертип кетемин: ар бир жогорку окуу жайды текшерүүгө жетишебиз, жакынкы 2 жылда коррупциясы жок мамлекетке айланабыз. Баарыбыз чогуу аракет жасашыбыз керек!»,-деп жазды Ташиев.
