Ташиев менен Ятимов жолугушту

Тажикстандын Согди облусундагы Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болгонун министрлер кабинети кабарлады.

Анын жүрүшүндө өкмөттүк делегациялардын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулап, жумушчу топторго эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоо боюнча иштерди улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришкен.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөнү айтылды.

2 Октябрь 2024 жыл 9:29

Тема боюнча