
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кадам медиага» маек берип, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер боюнча суроолорго жооп берди.
Камчыбек Кыдыршаевич, түштүк жергесинде Райым Матраимов менен байланышы бар үчүн кеткен депутаттардын бошогон ордуларына шайлоо болуп жатат. Эл ичиндеги «бийликтин батасын алыптыр», «жеке Ташиев өзү колдоп жатат» — деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?
— Чоң рахмат, өтө актуалдуу маселе менен кайрылып жатасыз. Себеби, андай сөздөр мага дагы жетти, тактоо киргизип коюу зарыл иш. Ачыгын айтканда, айрым талапкерлер элге чыкканда бийликтин ишин колдоп жатышат. Эски бийликтердин тушунда президентти, өкмөттү сындаган талапкерлерде артыкчылык боло турган. Бүгүн абал тескерисинче, өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эл көзү менен көрүп, жүрөгү менен сезип жатат. Мындай шартта, бийликти жамандаган адамды эл жакшы кабыл албайт. Ошондуктан, «бийликтин ишин колдойбуз» — деген талапкерлердин болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок ошол эле учурда кескин түрдө эскертемин: «президенттин батасын алдым», «бийлик мени колдоп жатат» деген сөздөргө ишенбегиле! Бул терс адаттар кеткен бийликтер менен кошо жоголгон. Эгерде ушуга окшогон сөздөр талапкердин өзүнүн оозунан чыккан болсо, ал далилденип калса, мыйзам алдында жооп берет! Жеке мен эч кимге бата берген эмесмин!
Биз бийлик органдары, шайлоого кийлигишпейбиз, кайра тескерисинче, анын мыйзамдуу өтүшүн көзөмөл кылып олтурабыз. Мурункудай элдин добушун сатып алуу жана башка мыйзамды бузган талапкерлердин тагдыры кандай болорун Ленин шайлоо округунда жокко чыгарылган шайлоолордон улам жакшы билсениздер керек. Үгүт дагы шайлоо мыйзамдарына жараша жүргүзүлөт, аны бузган адамдарга дагы катуу чаралар каралган. Негизинен, бул шайлоо округдарынан таза жол менен шайланган, булганбаган, билимдүү депутаттар келсе жакшы болот эле.