Ташиевдин атын жамынып акча талап кылгандар кармалды

УКМК төрагасынын атына жамынып, жеке ишкерлерден ири суммадагы акчаны ээлеп алган Ош облусунун эки тургуну кармалды.

Ошондой эле, Ош облусунун тургунуна тиешелүү болгон батирдин бир бөлүгүн жасалма документтер менен алар тараптан мыйзамсыз сатуу фактысы дагы аныкталды.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүргүзүлүүдө.

24 Сентябрь 2024 жыл 12:57

Тема боюнча