Ташкентте жумушка улуттук кийим кийүү сунушталды

Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарынын мэри Шавкат Умурзаков 21-январда улуттук иденттүүлүктү жана маданиятты жайылтуу боюнча кошумча чараларды киргизүү чечимине кол койду.

Документке ылайык, «Улуттук Ташкент» долбоору бекитилип, жумушчу топ түзүлөт.

Мамлекеттик мекемелерде ар жума күнү «Улуттук кийим күнү» жарыяланат. Андан тышкары Ташкенттеги район акимчиликтеринде, башкармалыктарында жана мамлекеттик органдарында иштегендер жумуш күндөрү улуттук кийим кийип жүрүүгө тийиш.

Ошондой эле улуттук баалуулуктар жана кийимдер темасында ар кандай сынактар, оюн-зооктор уюштурулат.

24 Январь 2025 жыл 10:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча