Таштандыдан табылган балага «Садыр» деген ысым ыйгарылбай калды

Таштандыдан табылган баланын аты Садыр коюлган жок. Бул тууралуу журналисттерге Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Буга чейин № 1 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Замира Матубраимова ага өлкө башчынын атынан Садыр деген ысым берилгенин айткан эле. Бирок кийинчерээк туулгандыгы тууралуу күбөлүктө башка ысым көрсөтүлгөн.

Ошондой эле министрликтен таштандыдан табылган наристени таенеси багып алууга даяр экенин билдиришти.

16 Ноябрь 2023 жыл 10:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча