Тазабек Икрамов дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Депутат Тазабек Икрамов дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту. Бул тууралуу соцтармакта жазылып, эл өкүлүн жеңиши менен куттукташууда.

Грецияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасында дүйнөлүк чемпионатында депутат Тазабек Икрамов күмүш медаль жеңди.

Ал атаандаштары болгон Иран, Казакстан, Польша балбандарын жеңип, финалга чыккан. Финалда дүйнөлүк рейтингде ардагерлер арасында таанымал швециялык балбанга утулуп калды.

22 Октябрь 2023 жыл 12:50

Тема боюнча