Тазалык кызматы таштандыны кайсы убакта чыгаруу керектигин эскерткен баштыктарды таратты

Бишкек шаарында таштанды чыгаруу процессин оптималдаштыруу жана жол кыймылына терс таасирин азайтуу максатында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктарды таратууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ар бир мүшөктө “Таштандыларды саат 19:00дөн 24:00гө чейин чыгаруу сунушталат” деп жазылган.

Эскерте кетсек, бул чаралар жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратып жаткан жол тыгынына каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Таштандыларды кечинде чогултуу жол тыгындарын азайтууга гана жардам бербестен, чыгымдарды да азайтат.

15 Апрель 2024 жыл 17:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча