«Тазалык» муниципалдык ишканасы катуу тиричилик таштандыларын чыгаруунун жаңы графиги иштеп чыгып, бекитти.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы график Бишкек шаарынын санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.
Жаңы графикке ылайык, таштандылар жуманын белгиленген күнү саат 9:00дөн 21:00гө чейин аянттын белгилүү периметри боюнча жүргүзүлөт. Күн сайын борбор калаанын ар бир аянтына 6дан техника чыгып, катуу таштандыларды чогултуп, чыгарат.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын Биринчи май районундагы катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу графиги:
Октябрь району боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын квартал боюнча катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу графиги:
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын Свердлов району боюнча катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу графиги:
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын Ленин району Чоң-Арык участогу боюнча катуу тиричилик таштандыларын чыгаруунун графиги:
Муниципалдык администрация шаардыктарды жана борбордун конокторун Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырат жана таштандыларды туура эмес жерлерге таштоо жана өрттөө үчүн эсептик көрсөткүчтүн 55тен 230га чейинки (5500дөн 23000 сомго чейин) өлчөмүндө айып пул КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесине ылайык каралгандыгын эскертет.