Тажикстанда Россиянын Ил-76МД аскердик-транспорттук учагы күйүп кетти

20-октябрга караган түнү Тажикстанда Россиянын Ил-76МД аскердик-транспорттук учагы күйүп кетти. Өрт Дүйшөмбү шаарындагы аскердик аэродромдон учак учаар алдында чыккан. Бул тууралуу Baza өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттүн келип чыгышына учакты учканы жатканда дөңгөлөк жарылып, андан кийин өрт чыккан. Учак конуу тилкесинен чыгып, толугу менен күйүп кеткен.

Тажикстанда Россиянын аскердик учагы учаар алдында күйүп кетти

Булактан алынган маалыматка ылайык, учакта сегиз киши болгон. Экипаждын эч кимиси жабыркаган эмес, аларды эвакуациялоого үлгүрүшкөн.

21 Октябрь 2023 жыл 16:38

Тема боюнча