
Лейлек районунун Кулунду айылында 20 баш эчки оттоп жүрүп, коңшу Тажикстан өлкөсүнүн аймагына кирип кеткен. Алар мал ээсине кайтарылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
«Кулунду айылынын 56 жаштагы тургунун 20 баш эчкиси Раззаков айылында чек ара тилкесинде оттоп жүрүп, Тажикстандын Д. Расулов районунун Селкен айылына 9-февралда болжол менен саат 19.00дө кирип кеткен. Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери сүйлөшүп, кыргыз тарап тажик тарапка кирип кеткен малдарын кайтарып алды», — деп жазылат маалыматта.