Тбилисиде өкмөткө каршы акция өтүүдө

Грузин полициясы баш калаа Тбилисиде өтүп жаткан өкмөткө каршы акциянын ондон ашуун катышуучусун кармаганы кабарланууда.

«Кавказ жаңырыгы» басылмасы кабарлагандай, жекшембиде кармалгандардын арасында «Өзгөрүү үчүн коалициясынын» таанымал мүчөлөрү Ника Мелия, Тенго Тевзадзе жана Тбилисинин мурдагы мэри Гиги Угулава да бар.

Жекшембиде жүздөгөн митингчилер грузин баш калаасынын жака белиндеги Tbilisi Mall соода борборунун алдына чогулушту. Анын алдында митингчилер соода борборунун жанындагы Тбилиси-Сенаки-Леселидзе автожолун бөгөттөй турганы кабарланган.

Бул кабарды утурлай бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы 31-январда мыйзамдарга чукул өзгөртүү киргизип, «эл аралык жана ички жолдорду» стратегиялык объекттердин катарына кошкон. Андан соң бийлик мындай жолдорду буугандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын, эки жылга чейин кесилиши мүмкүндүгүн эскерткен.

Жекшемби күнү Тбилисинин бул районуна көп сандагы полиция кызматкерлери топтолуп, демонстранттарга жолду бөгөттөөгө уруксат берген жок.

3 Февраль 2025 жыл 11:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча