2024-жылдын 25-июнуна чейин жергиликтүү мобилдик операторлордун (Mega, Beeline, O!) SIM-карталары менен колдонулган бардык уюлдук телефондор системада катталган. Жарандардын кызыкчылыктарын колдоо максатында 2024-жылдын 15-августуна чейин уюлдук телефондордун IMEI коддорун Мамлекеттик реестрден каттоого жылдыруу берилген.
Маанилүү: 2024-жылдын 16-августунан баштап, Мамлекеттик идентификациялоо системасы тарабынан катталбаган телефондор Кыргыз Республикасынын уюлдук операторлору тарабынан тейленбейт.
Бул үчүн:
Эскертебиз: Уюлдук аппараттарды Мамлекеттик реестрден каттоо импортерлордун жоопкерчилигинде. Телефонду сатып алардан мурун, анын МИСда катталганын текшериңиз.
Телефонуңуздун каттоо статусун төмөнкү жолдор менен текшере аласыз:
IMEI кодду *#06# буйругун терип текшере аласыз же телефондун кутучасынан да тапса болот.
Телефонуңузду коргоп, коопсуз болуңуз!
Кененирээк imei.kg сайтында.