Тилек Матраимов үй камагына чыкты

Тилек Матраимов үй камагына чыкты. Мындай чечимди Ош шаардык соту тергөөчүнүн өтүнүчү менен чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан кабарлашты.

Матраимов Тилек Исмаилович — Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) каралган кылмыш иши тагылган. Ал буга чейин соттун чечими менен 26-апрелге чейин камакта калтырылган.

  • 25-мартта УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжандын аймагында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду эл аралык издөөдө кармап, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келди. Ошондой эле аны менен бирге бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алып келинген.
27 Апрель 2024 жыл 9:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча