Тиш доктурда чарчап калган наристе боюнча териштирүү башталды

Бишкекте стоматологиялык клиникалардын биринде үч жашар кыз чарчап калган окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлгөнүн 21-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Клиника убактылуу жабылганы, соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгилүү болду.

Наристенин өлүмү тууралуу маалымат Facebook аркылуу адвокат Канат Хасанов 21-декабрда түз эфир уюштургандан кийин билинип, талкууга түшкөн. Адвокаттын видеосунда наристенин атасы, чоң энеси сүйлөгөн. Алар баланын өлүмү үчүн дарыгерлерди айыптап, жазага тартууну бийликтен суранышкан.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага «Севарон» дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

22 Декабрь 2023 жыл 9:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча