Тоң районунун прокуратурасы үчүн имарат курулат

Ысык-Көлдүн Тоң районунун прокуратурасы үчүн имарат курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка караганда, тендер Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан жарыяланган. Прокуратуранын имаратын курууга 10 млн 92,2 миң сом каралган.

Тендер боюнча арыздар 11-декабрга чейин кабыл алынат.

27 Ноябрь 2023 жыл 14:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча