Тогуз-Тородо эки медицина кызматкерине чет өлкөгө жолдомо берилди

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда эки медицина кызматкерине чет өлкөгө жолдомо берилди.

Маалым болгондой, райондо Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулган. Анда аким Манас Мураталиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, райондогу оорукананын Соматика бөлүмүнүн башчысы дарыгер Канышай Мамыровага Египетке 7 күнгө, улуу медайым Күмүшкан Кыргызбаевага Өзбекстанга 7 күнгө жолдомо берген. Ошондой эле бир катар медицина кызматкерлерине Ардак грамоталар тапшырылган.

Андан тышкары айыл өкмөттөр, оорукананын профсоюзу тарабынан сыйлыктар жана акчалай белектер берилген.

Тогуз-Торо районунда 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 7 ФАП жана райондук оорукана бар. Аларда жалпы 200дөн ашык медицина кызматкери иштейт.

2 Июль 2024 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча