16-октябрда Сокулукта тойдо сабалып, комага түшкөн бала бүгүн, 28-октябрда каза болду. Бул тууралуу анын жакындары 7-каналга кабарлашкан.
Бексултан 25 жашта болгон. Тойдо пикир келишпештиктен улам, топ балдар аны сабап, жолго чыгып кеткенде, унаа келип сүзгөн.
Буга чейин дарыгерлер жабырлануучунун жашап кетишине кепилдик жок деп айтышкан.
Маркумдун атасы кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалып, экинчиси изделип жатканын айтты.