Токиодо 400 адам бар учак өрттөндү

Жапониянын борбор шаары Токиодо «Ханеда» аэропортунда бүгүн 2-январда кырсыкка учураган учактын жүргүнчүлөрүнүн баары жана экипаж аман экенин NHK телеканалы билдирди. Маалыматта айтылгандай, учактын ичинде 400дөй адам болгон, алар сыртка чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Аэропорттун конуу-учуу тилкесинде Хоккайдо аралынан учуп барган Japan Airlines авиакомпаниясына таандык учак өрттөнүп жаткан видеолор тарап жатат. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал жерге конгондо башка учакты сүзүп алган болушу ыктымал.

Жапониянын Жээктеги күзөт кызматы өрттөнгөн учак анын учагы менен сүзүшкөнү тууралуу маалыматты териштирип жатканын билдирди.

2 Январь 2024 жыл 17:37

Тема боюнча