Токиодогу учак кырсыгында 5 адам каза болду

Токио аэропортунда учак конуп жатканда өрт чыккан. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында (Кыргызстандын убактысы боюнча саат 15:00) Ханэда аэропортунда болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Japan Airlines авиакомпаниясынын учагы менен Япониянын коопсуздук кызматынын учагынын сүзүшкөн. Аэропорттун камераларынан жана күбөлөрдүн видеосунан көрүнүп тургандай, өрт конуу маалында чыккан. Учурда окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары учакта 300дөн ашуун жүргүнчү болгонун кабарлашты. Учак жергиликтүү Japan Airlines авиакомпаниясына таандык. Кырсыктын кесепетинен 2 учакта тең өрт чыгып, жүргүнчүлөр толугу менен куткарылган. Ал эми экинчи учактагы 6 адамдын бешөө каза болду.

3 Январь 2024 жыл 8:42

Тема боюнча