Токмокто адам уурдоого шектүү кармалды

Токмокто адам уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-октябрда Токмок ШИИБге жаран кайрылып, 30-сентябрда болжол менен саат 20:30 чамасында Панфилов көчөсүндө аны сабап, унаага салып, Ак-Бешим айылындагы талаага алып барып сабаган шектүүлөргө чара көрүүнү суранган.

Аталган факты каттоого алынып, адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Экинчи шектүү изделип жатат. Тергөө уланууда.

6 Ноябрь 2024 жыл 11:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча