Токмокто карыяны алдап кеткен деп шектелип үч аял кармалды

Чүйдүн Токмок шаарында карыяны алдап кеткен деп шектелип үч аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, Токмокто үч аял «Кызыл чырым» уюмунда иштейбиз деп алдамчылык жол менен 77 жаштагы карыянын ишеничине кирип, 80 миң сом жана 200 евро акчасын (жалпы 98,5 миң сомдон ашык акча) алып кетишкен. Алданган карыя 14-октябрда милицияга арыз жазган.

Бул факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 43 жаштагв М.Н., 39 жаштагы А.Г. жана 34 жаштагы И.С. аттуу үч аял кармалган. Алар буга чейин бир нече ирет соттолгону белгилүү.

Соттун чечими менен алар тергөө аяктаганча бир айга камакка алынган.

Учурда кармалгандардын башка алдамчылык фактыларга катыштыгы текшерилүүдө.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0 3138 6-31-02, 0312 60 73 63, 0701 15 35 12 номерине кабар берүүсүн суранат.

7 Ноябрь 2024 жыл 14:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча