Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Кытай Эл Республикасында Жаз майрамы майрамдала тургандыгына байланыштуу, коңшу мамлекеттин демилгеси менен өткөрмө бекеттер 29-январдан 31-январга чейин жабылат.
Өткөрмө бекеттер 1-февралда кайра иштеп баштайт.