Трамп менен Путин Украина боюнча качан сүйлөшүшөт? Болжолдуу убагы айтылды

 Дональд Трамп Владимир Путин менен жарым жылга жетпеген убакытта Украина боюнча сүйлөшүү жүргүзөрүнө үмүт артууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Флоридада өткөн пресс-конференцияда Трамптан «Путин менен сүйлөшүүлөр алдыдагы алты ай ичинде өтүшү мүмкүнбү?» деп сурашкан.

«Алты айбы? Жок, менимче, адан эртерээк өтөт деп үмүттөнөм», — деген АКШнын болочок президенти.

Буга чейин Трамп Россиянын лидери сүйлөшүүлөргө даяр экенин билерин, бирок жолугушуу 20-январда Ак үйгө расмий түрдө кайтып келгенден кийин гана мүмкүн болорун айткан. Ошондой эле саясатчы Россиянын президенти менен жолугушуулардын болжолдуу датасын так айта албасын кошумчалаган.

8 Январь 2025 жыл 10:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча