Трамп Зеленский менен качан жолугушат?

АКШ президенти Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен ушул же кийинки жумада сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюу үчүн жолугушууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал 24-февралда Ак үйдө Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолугушуп жатып билдирди.

«Мен президент Зеленский менен жолугушам. Чынында, ал ушул же кийинки жумада келишимге кол коюу үчүн келиши мүмкүн. Абдан жакшы болмок, мен аны менен жолугушууну каалайм. Биз Сүйрү кабинетте жолугушабыз. Келишим боюнча иштер жүрүп жатат. Бул сейрек кездешүүчү металлдар жана башка бир катар нерселер боюнча келишим болот. Мен түшүнгөндөй, ал келишимге ушул жерде кол коюуну каалайт, бул мен үчүн да эң сонун болмок», — деди Трамп.

Көп өтпөй АКШ президенти Truth Social социалдык тармагына бул келишим «экономикалык өнөктөштүктүн» бир бөлүгү экенин жазып, ал «Американын Украинага жөнөткөн ондогон миллиард долларын жана аскердик жабдууларын кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк жаратат, ошондой эле согуш аяктап бараткандыктан Украинанын экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт» деп кошумчалады.

25 Февраль 2025 жыл 18:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча